Президент башкы прокурор кызматына талапкерлерди карап жатат
RU

Президент башкы прокурор кызматына талапкерлерди карап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курманкул Зулушев башкы прокурор кызматынан өзү жазган арыздын негизинде кетти. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Айтымында, президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын жетекчилигине талапкерлерди карап жатат. Талапкерлер прокуратура системасынын кызматкерлеринин ичинен каралууда.

Белгилесек, Курманкул Зулушев кызматтан кетерин бүгүн, 3-июнда билдирди. Анын кызматтан кетүү себеби белгисиз.

Зулушев башкы прокурор болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган.

"Прокуратура жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Башкы прокурорду президент кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Конституциянын 70-беренесинде президент Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен башкы прокурорду кызматтан бошотот деп жазылган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, парламент депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен президенттин сунушу боюнча башкы прокурорду дайындоого макулдук берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16281