Алай районунда июнь айында кар жаады
RU

Алай районунда июнь айында кар жаады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Алай районунда 4-июнга караган түнү кар жаады. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматкка ылайык, 4-июнга караган түнү жаап баштаган кардын калыңдыгы 10 сантиметрге жетти. Азыркы тапта да күн бүркөө.

Алай районуна караштуу Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Ал үчүн жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери атайын техникалар менен тартылды. Жолдор ачык, каттам бар.

Министрлик айдоочуларга чынжыр салып алууну эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16288