Жайлоодо кой кайтарып жүргөн бала тоодон кулап кетти
RU

Жайлоодо кой кайтарып жүргөн бала тоодон кулап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы жайлоодо кой жайып жүргөн бала тоодон кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 16- май күнү саат 11:20да Тескей айылынын жанындагы Ууру-Сай жайлоосунда 2010- жылы туулган бала кой жайып жүрүп, тоодон кулап кеткен.

Окуя болгон жерге куткаруучулардын ыкчам тобу келип, балага биринчи медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Азыркы тапта баланын абалы канааттандыраарлык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1628