Милициянын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду
RU

Милициянын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз милициясынын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу ИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

2021-жылдын 15-май күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында 42 км 195 метр аралыкта чуркоо боюнча "Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization" Ысык-Көл IX эл аралык марафону уюштурулган.

Марафонго жакынкы жана алыскы 35 мамлекеттен келген 3000ден ашык спортчулар менен спорт сүйүүчүлөр катышкан. Аталган марафонго кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Киязов Кемелбек дагы катышып 65 жаштан жогорку курактагылар арасындагы категория боюнча күмүш байгеге ээ болду.

Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Ал 3 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан. Жашы 65те.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1631