Дастан Бекешов, Садыр Жапаровго Марк Аврелийден үлгү алууну сунуш кылды
RU

Дастан Бекешов, Садыр Жапаровго Марк Аврелийден үлгү алууну сунуш кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешов президент Садыр Жапаровго рим императору Марк Аврелийден өрнөк алууну сунуш кылды.

Эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасында мамлекет башчысы инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия концепциясын жайылтууну каалап жаткандыгын белгиледи.

"Ниеттери абдан жакшы: коррупционерлерди жана ууруларды айыптап, моралдык-этикалык баалуулуктар жайылган коомду куруу, ак ниет эмгекке өбөлгө түзгөн мамлекет түзүү. Концепциянын философиясы чыгыштыкы, анда дайыма коомдун баалуулуктары жеке инсандын баалуулуктарынан жогору турат. Тарыхка көз чаптырсак, биз көбүнчө чыгыш философиясынын жактоочуларыбыз. Бирок бул түшүнүк иштебей калды. Баардыгы формалдуу болуп калат: пландар, көрсөтмөлөр, отчеттор, тонналаган кагаздар, концепция өзгөрүлүп, акыры пландар ашыра аткарылат, бирок концепция өз максатына жетпейт", - деди депутат.

Анын айтымында, эч кандай концепциясыз эле максаттарга жетсе болот. Элге өрнөк керек болуп жатат. Ал эми президент өзү башында туруп, аскет болуп, элдин сүймөнчүгүнө айланып,элге жупунулуктун мисалын көрсөтүп, ишенимди жаратышы керек.

Болбосо, алар бизди маңыроо кой кылып, өздөрү башкалардын эсебинен бактылуу жашоону жана бизге чынчыл болуп, ак эмгек менен жашоону таңуулоону каалашат. Президент, министрлер, прокурорлор, соттор, депутаттар жана башкалар кымбат ресторандарга барып, чет өлкөлөргө эс алышса, кымбат баалуу унаалар менен саякаттап жүрүшсө, ак эмгек менен чынчыл жана жакыр жашаганды каалагандар аз болот да. Түрмөдөн байлар акчанын күчү менен кутулуп кетип жатса, мындай түшүнүк менен эч нерсе иштебейт. Эч кандай концепция өз максатына жетпейт.

Президент өзү баш болуп жүздөгөн сакчылардын кайтаруусунда жүрсө, атайын клиникадан даарыланса, жогорку эмгек акы алып, резиденцияда жашап, жүздөгөн кызматчыларды колдонуп турган чакта эч нерсе иштебейт. Эгерде президенттин үй-бүлөсү кымбат жашоону камсыз кылып, эл жакырчылыкта жашаса, коомду тарбиялоо эч мүмкүн эмес.

"Тарыхка кылчайсак. Бир дагы баалуулук Лидер өзү башында туруп, өзү талап кылынган нормаларга ылайык жашамайынча ал баалуулук коомго сиңген эмес. Марк Аврелий Рим үчүн концепция жазган эмес, ал өзү кандай жупуну жашаса элди дагы ошол эрежелерге ылайык жашоого буйруган. Концепция деп аталган расмий документ аркылуу президент баарына сабак берүүнү жана окутууну каалайт, бирок ал көрсөтмөлөрдү өзү аткарбайт. Душмандар мамлекетке каршы сөз айтса, президенттин оюна каршы пикир айткандар болуп эсептеле баштайт. Мына бул концепция бизди кайда алып барат ", - деп жазган Бекешев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1632