Боорун алмаштырган эки бейтаптын абалы айтылды
RU

Боорун алмаштырган эки бейтаптын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы өттү. Анда эки бейтаптын боору транспантацияланды. Алардын абалын дарыгерлер айтып беришти.

Учурда эки бейтаптын да, донорлордун да абалы туруктуу. Кечээ, 11-июнда операция болгон бейтап - Кайыркүл. Ал эсине келип, учурда абалы турукташып калганын дарыгерлер айтып, бардык көрсөткүчтөрү туруктуу экенин белгилешти.

"Бүгүн биз үчүн абдан кубанычтуу күн. Биздин экинчи реципиентибизге кечээ күнү операция жасалып, боору алмаштырылган. Кан басымы, бардык көрсөткүчтөрү туруктуу, жакшы. Ошол үчүн таң эртеден бери баарыбыз кубанып жатабыз" - дейт дарыгер.

Кайыркүл өзүн жакшы сезип жатканын айтып, бардык дарыгерлерге жана операциясын каржылаган президентке ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми боору трансплантацияланган биринчи бейтаптын аты - Айгүл. Ага операция жасалгандан бери эки сутка өттү. Дарыгер бейтаптын кан басымы ордуна келгенин кошумчалап, абалын айтып берди.

"Башында абдан оор абалда болгон. Азыр жакшы. Бүткүл кыргыз эли сүйүнүп жатат. Нөөмөттөгү дарыгерлердин барына рахмат", - деди дарыгер.

Ал эми Айгүл аттуу бейтап өзүн жакшы сезип жатканын айтып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

"Туугандарым сарсанаа болбогула. Абалым эң сонун. Дарыгерлер тобу абдан чоң жардам беришти. Түнү менен менин жанымда турушат. Жакшы, буюрса", - деп жакындарына кайрылды.

Эске салсак, 10-июнда кыргызстандык дарыгерлер түркиялык адистер менен биргеликте Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасашты. Операцияга кеткен чыгымдардын баары президенттин фондунан каржыланып, ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга 1 млн доллар бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, 30-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышкан болчу. Анда министр Түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Эске салсак, өлкөдө былтыр бөйрөк алмаштыруу операциясы да жасала баштаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалып, кезекте 110 бейтап турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16331