Баткенде баасы 20 млн сомдон ашкан жер тилкелер мамлекетке өткөрүлдү
RU

Баткенде баасы 20 млн сомдон ашкан жер тилкелер мамлекетке өткөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен шаарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелери мэриянын балансына кайтарылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматында айтылат.

УКМК тарабынан Баткен шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу менен трансформациялоонун тиешелүү жол-жоболорун жүргүзбөстөн, жалпы аянты 1,44 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкелеринин ээлери жалпы сметалык баасы 20 млн 160 миң сомдук 24 жер тилкесин өз ыктыяры менен Баткен шаардык мэриясынын балансына кайтарып берди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16341