Жогорку Кеңеш айылдарды шаарга кошууну биринчи окууда жактырды
RU

Жогорку Кеңеш айылдарды шаарга кошууну биринчи окууда жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык жыйында айыл аймактарын шаарларга кошууну биринчи окууда жактырды.

Министрлер кабинети буга чейин 235 жалпы айыл аймактын жана республикалык, облустук жана райондук маанидеги 33 шаардын административдик чек араларын бекитүүнү сунуштаган.

Анын ичинде облустардагы айылдык округдарды ирилештирүү да бар:

  • Баткен облусунун Кадамжай району - 13 айыл аймагы эми 8 айыл аймагы болот;
  • Айылдар жана участоктор Айдаркен шаарынын курамына кирет;
  • Жалал-Абад облусу - 67 айыл аймак болчу, эми 37 аймак болот;
  • Шамалды-Сай райондук маанидеги шаарга айланат;
  • Жалал-Абаддын аянты кеңейет;
  • Ысык-Көл облусу - 61 айыл аймагы эми 22 болот;
  • Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларына бирден айылдык округ кошулат;
  • Нарын облусу - 63 айыл аймак болсо, эми 27 аймак болуп калат;
  • Ош облусу - 88тен 58ге кыскарат;
  • Төлөйкан жана Кызыл-Кыштак айылдары толугу менен Оштун курамына кирет;
  • Талас облусу - 37 айыл аймагы эми 16 болот;
  • Чүй облусу - 105тен 49га кыскарат;
  • Бишкектин курамына 8 айыл аймагы кирет;
  • Кант жана Кара-Балта облустук маанидеги шаарларга айланат;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак райондук маанидеги шаар болуп калат (мурда облустук маанидеги шаар болгон).

Мыйзам долбооруна ылайык, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча жаңы түзүлгөн 235 айылдык аймактан бир айылдык аймак (Военно-Антоновка) бир айылдан турат. Мурда 62 болчу. Сегиз айылдык аймак эки айылдан турат, мурда 85 болгон. 17 айылдык аймак үч айылдан турат, мурда 79 болгон. 185 айылдык аймак беш же андан көп айылдан турат, мурда 165 айылдык аймак болгон.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, шаарларды ирилештирүүнүн эсебинен калктын саны көбөйөт:

  • Чүй облусунун Кант, Кара-Балта жана Токмок шаарлары - 12,9 миң адамга;
  • Ош облусунун Кара-Суу району - 28,5 миң адамга;
  • Жалал-Абад, Кербен, Токтогул, Майлуу-Суу шаарлары - 78,3 миң адамга;
  • Ысык-Көл облусунун Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында - 23,4 миң адамга.

Бишкектин курамына Чүй облусундагы 23 айыл жана беш калктуу конуш киргизилген, анын эсебинен шаардын аянты 3 эсеге, ал эми калкынын саны 113,8 миң адамга көбөйгөн. Оштун курамына 22 айыл киргизилген, шаардын аянты 2 эсеге, ал эми калкы 91,2 миң адамга көбөйгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16368