Ысык-Көл марафонундагы адамгерчилик. Жөө күлүк атаандашына суу алып берди. Видео
RU

Ысык-Көл марафонундагы адамгерчилик. Жөө күлүк атаандашына суу алып берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы Ысык-Көл эл аралык марафондун алкагында өткөн көңүл жылытаарлык окуясы менен бөлүштү.

42 км 195 метр дистанциясына жүргөн жарыш учурунда Кыргызстандын курама командасынын күлүгү Илья Тяпкин волонтерлордун колунан суу алып жетишпей калган. Бирок убакыттан уттурбаш үчүн токтобостон жолун улап кете берген.

Анын артынан Кыргызстан курама командасынын дагы бир күлүгү Жоодарбек Кочконбаев келе жаткан. Ал Тяпкиндин негизги атаандашы болчу. Кочконбаев Тяпкинди кууп жетип, өзүнүн суусу менен бөлүшкөн.

Натыйжасында Тяпкин 2 саат 27,44 мүнөт натыйжасы менен финишке биринчи келген. Баш байге 140 миң сом болчу. Кочконбаев 2 саат 29,50 мүнөттө финишке экинчи болуп

жетип, байгесине 100 миң сом алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1636