Бишкекте айдоочуларга өрт өчүрүүчү каражаттар таратылды
RU

Бишкекте айдоочуларга өрт өчүрүүчү каражаттар таратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында унаалар токтотулуп, айдоочуларга өрт өчүрүүчү каражаттар берилди. Бул туурасында ӨКМдан билдиришти.

Унаа ээлери үчүн маанилүү жана жагымдуу болгон иш-чара "Jubilee Kyrgyzstan" камсыздандыруу компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы жана ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын уюштуруусунда өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында ӨКМдин адистери унаадагы өрт коопсуздук эрежелерин, ал эми Кайгуул кызматынын кызматкерлери жол коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп, нускамаларды таратышты.

Аталган иш-чара 15-июнь - Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16372