Социалдык аялуу катмардагы 1000 балага Ысык-Көлдө эс алуу уюштурулат
RU

Социалдык аялуу катмардагы 1000 балага Ысык-Көлдө эс алуу уюштурулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана майыптуулугу бар, жетим балдарга эс алуу уюштурулат. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Министрликтен белгилешкендей, быйыл жайкы эс алууга 1000 бала жөнөтүлөт.

"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылы каржылоону үч эсеге көбөйтүп берип, 15 миллион сомду түздү. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1000 бала, анын ичинен интернат тибиндеги 100 мекеменин тарбиялануучулары "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алышат. Биринчи топ менен Баткен, Талас жана Ош облустарынан балдар жөнөп кетишти", - деди министр Жылдыз Полотова.

Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкордукка жана көзөмөлгө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы эс алуусун уюштурат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16392