Бишкекте сарайдан чыккан өрт, кошуна имаратка өттү
RU

Бишкекте сарайдан чыккан өрт, кошуна имаратка өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Тыныстанов көчөсүндө ири өрт катталды. Анда сарайдан өрт чыгып, кошуна имаратка өткөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылганын билдирет.

Кырсыктын кесепетинен болжол менен 350 чарчы метр аянт күйүп, бир адам куткарылды.

"Сарайдан чыккан өрт 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланды. Өрт саат 13:34тө чектөөгө алынды.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16401