Чоң-Алайда микроавтобус менен жеңил унаа сүзүшүп, 4 адам мерт кетти
RU

Чоң-Алайда микроавтобус менен жеңил унаа сүзүшүп, 4 адам мерт кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталып, видеосу социалдык тармакка тарады. Анда жүргүнчү ташыган микроавтобус менен жеңил унаа сүзүшкөн.

Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан редакцияга кырсык 18-июнда катталганын билдирди.

Болжол менен саат 17:40 чамасында 1978-жылы туулган А.С. аттуу айдоочунын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter унаасы карама-каршы багытта келе жаткан Daewoo Nexia менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу - 2002-жылы туулган Б.Ж. жана 3 жүргүнчүсү каза тапты.

Учурда унаалар айып короо жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырып, эреже бузуу фактыларын боюнча 0777 102-102 ишеним номерине кабар берүүнү өтүнөт.

Башкы беттеги сүрөт: видеодон алынган кадр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16405