ID картаны акысыз алмаштыруу. Министрлик шарттарын, жол-жобосун түшүндүрөт
RU

ID картаны акысыз алмаштыруу. Министрлик шарттарын, жол-жобосун түшүндүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2004-жылкы AN сериясындагы ID-картаны жаңы үлгүдөгү ID карттарга алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталганын жарыялайт. Себеби эски документтер коопсуздук жана ыңгайлуулук жагынан азыркы замандын талаптарына жооп бербейт дешет министрликтен.

ID картаны кайсы учурда алмаштырса болот?

Өнөктүктүн алкагында 1-июлдан 31-августка чейин жарандарга ар кандай себеп менен (жоголгондугуна, бузулгандыгына же аты-жөнүн өзгөрткөндүгүнө байланыштуу) акысыз жана өз каалоосу менен документ алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

2004-жылдагы сары түстөгү AN үлгүсүндөгү ID-карталар гана алмашууга жатат. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталар алмаштырууну талап кылбайт.

ID картаны алмаштыруу себеби

Жаңы ID карталар биометрикалык маалыматтарга жана актуалдуу жеке маалыматтарга ээ, муну менен жаңы документ колдонууда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыздайт.

Документтердин алмашуусу базадагы маалыматтарды актуалдаштырууга, шайлоо процедураларын оптималдаштырууга жана мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16414