Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери башталды. Сүрөт
Бишкекте эски көрнөк-жарнактар алуу иштери башталды. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, жарнама такталарынын ордуна LED экрандар коюлат.
"Тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Жарнамалык структураларды жаңылоо - Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадамы" , - дешет мэриядан.
Белгилесек, 18-июнда президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски көрнөк-жарнактарды толугу менен алып, ордуна LED-экрандарды коюуну тапшырган.
Эртеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын башчысына шаардын айланасындагы бардык көрнөк-жарнамаларды алуу жана аларды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган. Ал эми Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине жарнама такталарынан LED экрандарга өтүү боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзүү милдетин койгон.