Мэрия Бишкекте 6 чакырымдык асма жол куруларын маалымдады
RU

Мэрия Бишкекте 6 чакырымдык асма жол куруларын маалымдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.

Мэр Манас проспектисин бойлой Жибек жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин узундугу 6 чакырым, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган асма жолдун курулушу каралып жатканын билдирди.

Бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди", - деди калаа башчысы.

Азыркы учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме Ропвей (Ropway) долбоордук тобу тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде ушундай долбоорлорду ишке ашырган (Германия, Италия, Индия) дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16432