Таласта дайынсыз болгон жарандын сөөгү жер төлөдөн табылды. Бир тууганы кармалды
RU

Таласта дайынсыз болгон жарандын сөөгү жер төлөдөн табылды. Бир тууганы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси сарайдын жер төлөсүнөн табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга билдиришкендей, жаран киши колдуу каза болгон.

Такталгандай, 22-июнда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургуну 1999-жылы туулган М.Ж. милиция арыз менен кайрылган. Ал 21-июнда болжол менен саат 19:00 чамасында бир тууган агасы 1994-жылы туулган М.К. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, таап берүүнү суранган.

Аталган арыз Бакай-Ата РИИБ тарабынан каттоого алынып, издөө иштери башталган.

24-июнда болжол менен саат 18:30 чамасында дайынсыз болуп жаткан 1994-жылы туулган М.К`нын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн артындагы сарайдын жер төлөсүнөн табылган. Ал киши колдуу каза болгону аныкталган.

Аталган факты боюнча 122-берене (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси 1999-жылы туулган М.Ж. камакка алынды.

Тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалып, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: mogilev.online.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16450