Ишкерден 10 млн сом талап кылганга шектелгендер акча алып жатканда кармалды
RU

Ишкерден 10 млн сом талап кылганга шектелгендер акча алып жатканда кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Чоң-Алай районунда ишкерден 10 миллион сом опузалагандар кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, алар талап кылынган акчаны алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Ишкер 18-июнда ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, Чоң-Алай районунун Карамык айылында көмүр казуу иштери башталганын, ага айрым адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп, 10 миллион сом акча талап кылып жатканын билдирген.

Текшерүү учурунда А.Н. аттуу ишкер көмүр казуу боюнча иштерин баштаган учурда өздөрүн "жергиликтүү жашоочуларбыз, толук кандуу иш жүргүзүүгө жол бербейбиз" деп коркутуп, акча талап кылганы белгилүү болгон.

Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын алкагында Чоң-Алай районунун 1965-жылы туулган А.Ж. жана 1970-жылы туулган Т.З. аттуу тургундары ишкерден 44 миң 400 доллар алып жаткан жеринен кармалышты.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16473