Бишкек ЖЭБине жаңы директор дайындалды. Ал буга чейин да жетектеп кеткен
RU

Бишкек ЖЭБине жаңы директор дайындалды. Ал буга чейин да жетектеп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нургазы Курманбеков Бишкек ЖЭБине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, аны жамаатка мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев тааныштырып, ишкананын жетекчилигине отун-энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, башталган реформаларды аягына чыгаруу жана коюлган пландарды ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттерди атаган.

Нургазы Курманбеков буга чейин, тагыраагы, 2021-2022-жылдары Бишкек ЖЭБинин директору болуп эмгектенген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16517