БУУнун башкы катчысы Кыргызстанды тынчтыктын символу деп баалады
RU

БУУнун башкы катчысы Кыргызстанды тынчтыктын символу деп баалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, тараптап кеңейтилген курамда сүйлөшүү жүргүздү.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен БУУнун Туруктуу өнүгүү кызматташтыгы өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтты.

Кыргыз Республикасы БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонуна басым жасады.

Президент Кыргызстан бүгүнкү күндө региондогу гидроэнергетика рыногунда таанылган лидерлердин бири жана энергия өндүрүү боюнча жогорку потенциалга ээ экенин баса белгиледи. Экономикага инвестиция тартылып, ири ишканалар ачылып, энергетика жана транспорт тармагында жаңы аймактык долбоорлордун курулушу башталды.

Ошондой эле Садыр Жапаров бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара боюнча юридикалык жактан толук чечилген чек ара маселелерине токтолду. Садыр Жапаров Кыргызстандын Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасындагы маселелерди чечүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын айтып, Кыргызстан ар дайым бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап келгенин белгиледи.

Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу максатында БУУ жана бардык мүчө-мамлекеттер менен тыгыз өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өлкөнүн умтулуусун ырастады.

Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи.

Антониу Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин баса белгиледи.

Башкы катчы Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16518