Көлбаевдин тууганына катталган 21 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды
RU

Көлбаевдин тууганына катталган 21 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум кримавторитет Камчы Көлбаевдин жакын тууганына катталган мүлк мамлекетке кайтарылды. УКМКнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлктөрүн мамлекеттин менчигине конфискациялоо иштери уланууда.

Анын алкагында Көлбаев 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган.

УКМК тарабынан көрүлгөн тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 миллион 315 миң сомду түзгөн жер тилкеси Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди.

Коопсуздук комитеттен белгилешкендей, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин кирешесине кайтаруу иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16542