"Бакай Банк" менен биргеликте дүйнөнү жакшы жакка өзгөрт
RU

"Бакай Банк" менен биргеликте дүйнөнү жакшы жакка өзгөрт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөнү өзгөртүүгө даярсызбы? Уникалдуу "Жакшылык тартуула" кайрымдуулук акциясына катышыңыз!

Экранды бир нече ирет басуу менен эле жакшы иштерди жасооңуздар үчүн Бакай Банк 5 миллион сом бөлөт. Бизге кошулуп, чындап жардамга муктаждарга колдоо көрсөтүңүз.

Экранды эки ирет баскылоо менен дүйнөнү кантип өзгөрстө болот?

BakAi тиркемесинин учурдагы кардарлары "Жакшылык тартуула" акциясынын бөлүмүндө өздөрү тандаган долбоорду толугу менен акысыз колдой алышат. Ар бир долбоор Бакай Банктан кепилдик менен 500 миң сомдон алат, калган каражатты Банк BakAi тиркемесинде топтолгон добуштарды эсепке алуу менен которот. Добуш берүү күн сайын жүргүзүлөт, анда Бакай Банктын бренд-амбассадорлору колдоого алган жакшылык иштердин бирине добуш берүүгө болот:

  • "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборуна жардам. Актёр Эрмек Таалайбеков менен жубайы Бекзада Жолборсова өсүүсү өзгөчөлөнгөн балдардын билим алуу шартын жакшыртууну чечишкен. Учурда балдар жашап, окуган имарат начар абалда, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү кажет. Башкы имаратынын шыбы көчүп түшкөн, жылытуу системасынын эскилиги жеткендиктен кышкысын аны жылытуу мүмкүн эмес.
  • Бала бакча-интернатына жардам. Актриса, блогер Динара Багышбаева Кара-Суу районундагы дүлөй балдар үчүн атайын адистештирилген интернатты колдоого алат. Ушул тапта анда ичүүчү таза суу жок болгондуктан, сууну ташып келип, цистернага толтуруп алып пайдаланышат. Мындан тышкары бакча-интернатта балдар коопсуз ойноп, көңүл ачуусу үчүн заманбап балдар аянтчасы жок.
  • Жалгыз бой энелерди IT-адистигине окутуу үчүн жардам. Блогер Мээрим Толепберген жалгыз бой энелердин IT-адистиги боюнча билим алуусуна шарт түзүп, аларга колдоо көрсөтүүнү чечти. Блогердин жардамында кеминде 50 аял суроо-талап жогору болуп жаткан проджект-менеджер же тестирлөөчү адистиги боюнча жумушка орношуп үй-бүлөсүн багуу үчүн билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
  • Асанбай паркындагы реабилитациялык зоопаркка жардам. Блогерлер Айана Советова менен Темирлан Оморов Асанбай паркындагы реабилитациялык зоопаркка жардам берүүнү каалашат. Жаныбарлар үчүн реабилитациялык борбордун аймагын реконструкциялап, вольерлерин кыш мезгилине жылуулап, имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Бул аракеттер өмүрү сакталып калган жаныбарларга жаңы жашоосун жакшы шартта баштоосуна өбөлгө түзөт.

Канчалык көп добуш берилсе кайрымдуулук долбоор ошончолук көп каражат топтойт. Сиздин колдооңуз кайсы демилге көбүрөөк каражат топтой турганына түздөн-түз таасир бере алат. Мындан тышкары тандалган долбоордун пайдасына өзүңүздүн каражатыңызды кошумча жөнөтсөңүз болот.

Акцияга кантип кошулса болот?

  • AppStore же GooglePlay интернет дүкөндөрүнөн BakAi мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүңүз (жаңы кардарларга);
  • Тиркеменин башкы бетиндеги "Жакшылык тартуула" акциясы бөлүмүнө өтүңүз;
  • Жактырган долбооруңуз үчүн добуш бериңиз.

Бул жөнөкөй аракет сиздин аз гана убактыңызды алат, бирок анын таасири өтө чоң! Долбоор үчүн күн сайын добуш берсе болот. Акция тууралуу дос, жакындарыңызга айтып бериңиз. Ар бир катышуучу – дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берген дагы бир энтузиаст.

Акция 2024-жылдын 6-августуна чейин улантылат.

BakAi"га өтүп жакшылык тартуулаңыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16544