Чуңкурчакта аркан менен аскадан секирген киши боюнча милиция маалымат берди
RU

Чуңкурчакта аркан менен аскадан секирген киши боюнча милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан Чуңкурчактагы трагедия тууралуу маалымат берди. Белгилүү болгондой, Flyjump спорт комплексинде аскадан секирип каза болгон киши 39 жашта болгон.

"6-июлда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Flyjump спорт комплексинде аскадан секирип жатканда жип үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган Б.А окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты Аламүдүн РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат", - дешти башкармалыктан.

Мекемеден маркум Казакстандын жараны деген маалыматты четке какты. Белгилей кетсек, буга чейин каза болгон киши үй-бүлөсү менен Казакстандан келгендиги айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16564