Кытайдын экинчи чоң көлүндө дамба жарылып кетти
RU

Кытайдын экинчи чоң көлүндө дамба жарылып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куткаруучулар, анын ичинде өрт өчүргүчтөр жана полиция кызматкерлери, жума күнү болгон Кытайдын Хунань провинциясындагы Донгтинху көлүндөгү дамбанын бузулушуна көз салып турушат.

Жергиликтүү суу ташкынына каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, дамбанын жарылган жеринин туурасы алгач 10 метрге жакын болгон, бирок кеңейе берген. Учурда жабыркаган калктуу пункттардан болжол менен 5000 тургунду эвакуациялоо иштери аяктады.

Мамлекеттик "Синьхуа" маалымат агенттиги жарылуу жума күнү түштөн кийин Дунтинху көлүнүн жээгиндеги дөбөнүн бир бөлүгүндө болгонун кабарлады.

Натыйжада аймактарды суу каптады. Анын аянты 50 кв чакырымга жетти .Беш миңге жакын тургун эвакуацияланды. Азыркы учурда куткаруучулар дамбаны бекемдөө аракетинде. Кырсыкты жоюуга жүк ташуучу унаалар да тартылды. Курмандыктар жөнүндө маалымат азырынча жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16570