Эрдоган Түркия футболчуларын чечинүүчү жайда сооротту
RU

Эрдоган Түркия футболчуларын чечинүүчү жайда сооротту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Европа чемпионатынын чейрек финалында Голландиядан утулган түрк курама командасынын оюнчуларын кийим алмаштыруучу жайына барып, жубатты.

Түркиянын башкаруучу X партиясы жолугушуунун сүрөттөрүн таратып, "Урматтуу президент матчтан кийин кийим алмаштыруучу жайда оюнчулар менен жолугушту" деп билдиришти.

Түрк маалымат каражаттары тараткан видеого караганда, Эрдоган кийим алмаштыруучу жайда Австриянын дарбазасына гол киргизгенден кийин көрсөткөн "бозкурт" кыймылы үчүн УЕФА тарабынан дисквалификацияланган футболчу Мерих Демиралдын колун кармады. Ал окуя футболдун 1/8 бөлүгүндө болгон.

Эрдоган италия тилинде улуттук курама команданын машыктыруучусу Винченцо Монтеллага түрк командасынын Европа чемпионатында жетишкен натыйжасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, түрктөр 2024-жылы Берлинде өтүп жаткан Европа чемпиондугунун чейрек финалында Голландияга 1:2 эсебинде утулуп калышты. Винченцо Монтелланын жетекчилигинде Түркиянын улуттук курама командасы Евро-2024 мелдешинде үч беттеште жеңишке жетти.

Муну менен түрк командасы 2008-жылдан берки эң жакшы натыйжасын көрсөттү. Анда команда Россич курамасы менен бирге коло байгеге жетишкен болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16573