Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күлүк аттарды тандоо өтөт. Шарттары, талаптары
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына күлүк аттарды тандоо өтөт. Шарттары, талаптары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы ат чабыш марафонуна күлүк аттарды тандоо өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Чүй облусунда 16-20-июль күндөрү "Көчмөндөр жүрүшү" аталышындагы республикалык ат чабыш марафону өтөт. Аралыгы 300 чакырымга созулган марафондо аттар күнүгө 75 чакырымды басып өтөт. Ат чабыштын башталышы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен башталат.

Негизги максат - V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ат чабыш марафонуна катышуу үчүн аттарды тандоо, нукура кыргыз жылкыларынын тукумун жана алыскы аралыкка чуркоону жандандыруу жана жаштардын улуттук ат спортуна кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

Иш-чарага катышуу боюнча талаптар:

  • Марафондо кеминде эки адамдан турган командалар катыша алат;
  • Командалар марага толугу менен келүүсү шарт. Командадан бир гана адам калса, анда бүт команда марафондон четтетилет.
  • Марафонго катышуучу күлүктөр 4 жаштан жана чабандестер 18 жаштан кем болбошу керек.
  • Мелдеш башталганга чейин жана ар бир этап аяктагандан кийин да күлүктөр милдеттүү түрдө ветеринардык кароодон жана каттоодон өтүшү керек.
  • Ветеринардык комиссия аттардын саламаттыгына карап мелдештен алып салууга укуктуу.

Жалпы байге фонду 2 млн сомду түзөт, анын ичинен 1 млн биринчи орун үчүн. Мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар Казакстанда өтүүчү 500 чакырымдык ат чабыш марафонуна жолдомо алышат.

Каттоо мөөнөтү 15-июль саат 18:00гө чейин болот.

Байланыш телефону: +996 706 55 35 44 (Жаныбек)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16585