Ош, Баткен облустарында сел жүрдү
RU

Ош, Баткен облустарында сел жүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Баткен облустарында сел жүрдү. Анын кесепетинен бир катар унаа жолдор жабылганын ӨКМдан кабарлашты.

Бүгүн, 8-июлда саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел суулары түшүп, Баткен районундагы Айгүлташ – Согмент-Таян унаа жолунун 3-8 чакырымын кум шагылга толтуруп, жол жабылды.

Баткен облусунун Лейлек районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 12:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак-Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду кум шагылга толтуруп, Ынтымак айылындагы 1 турак үйдүн короосун каптаган. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө Раззаков шаардык мэриясынан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 10 адам тартылды.

Ош облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27-чакырымдарында (5 жерде) сел жүрүп, жол убактылуу жабылды.

Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сел өтүүчү сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулду (жол убактылуу жабылды). Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жеке менчик 3 экскаватор, 1 самосвал тартылды.

Ош облусунун Алай районунда адын ала маалымат боюнча, саат 15:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 70-71 чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16589