Президенттин маалымат катчысы Лазат Нуркожоеванын жигити кармалганын тастыктады
RU

Президенттин маалымат катчысы Лазат Нуркожоеванын жигити кармалганын тастыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лазат Нуркожоеванын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов тастыктады. Бул тууралуу Алагөзов соцтармакка жазды.

"Белгилесек, Лазат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен "кыздын колун суроо" иш-чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бул жигиттин башкы максаты - өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды ("крыша") табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.

Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт", - деди Алагөзов.

Президенттин маалымат катчысы кармалган жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталарын кошумчалады.

Белгилесек, 5-июлда милиция кызматкерлери маңзат тараткан жана жасаган деген шек менен Лазат Нуркожоеванын болочок жолдошу Афтандил Сабырбековду кармаганы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16603