Баткен районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Видео
RU

Баткен районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 10-июлда жааган жаандан улам сел жүрүп, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМдан маалымдашты.

Бүгүн, 11-июлда Баткен районундагы Ак-Татыр, Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде селдин кесепеттерин жоюу иштерине 131 куткаруучу тартылды.

Орто-Сай тилкесинде 10 куткаруучу турак үй жана короого кирген сел калдыктарын тазалоодо. Ал эми ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын жана Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 96 куткаруучусу Аэропорт жана Өрүкзар тилкесинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Ак-Татыр айылында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 150 адам тартылды. Аталган айылдын суу каптаган тилкелеринен түнкү саат 1:30га карата жалпы 137 жаран эвакуацияланып, алардын ичинен 50 бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Айылдагы мектепке убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду.

Ал эми Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги сел суулары 10-15 гектардай эгин талааларды да жууп кеткенин маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16608