Аккулу Бердиев: Тажикстан Чоң-Алай менен чектешкен жерине окопторду казып койгон
RU

Аккулу Бердиев: Тажикстан Чоң-Алай менен чектешкен жерине окопторду казып койгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын жарандары Ош облусунун Чоң-Алай районуна жакын жердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында окопторду казып коюшкан. Бул тууралуу депутат Аккулу Бердиев бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, ага тынчсызданган жергиликтүү тургундар чалып, райондун аймагына жакын жерлерде "тажиктер" бар экендигин айтышууда.

"Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди чакырып, бул боюнча алардын пикирин угуш керек. Эгер эсиңерде болсо 1999- жылы чыккан конфликт дал ушул Чоң-Алайдан башталган. Ошол кезде Ош шаарынын тургундары автомат менен куралданып, аскер кызматкерлери келгенге чейин жергиликтүү тургундарга жардамга барышкан эле, азыр болсо ал жерде каршы тура турган тургундар аз, ошондуктан кооптуу абал дале сакталууда ", - деп белгиледи депутат.

Төрага Талант Мамытов депутаттын кайрылуусунан кийин министрлер кабинетинен маселени иликтөөнү өтүндү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1660