Жайлоодогу келиндин абалы начарлап, ал тик учак менен Бишкекке жеткирилди. Видео
RU

Жайлоодогу келиндин абалы начарлап, ал тик учак менен Бишкекке жеткирилди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен жайлоодогу абалы оорлошкон келин Бишкекке жеткирилди. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 9-июлда саат 22:20 чамасында ӨКМга Жалал-Абад облусунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Отуз-Ат жайлоосунда 28 жаштагы келиндин абалы оорлошуп жаткандыгы кабарланган. Жайлоого барчу унаа жолу жок болгондуктан алар тик учак сурашкан. Келинге тез арада медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калуу зарылдыгы айтылган.

Бул кабардан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тик учак бөлүнгөн. Учак 10-июлда саат 6:00дө учуп, жерине дарыгерлер да барган. Алар келинге алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, саат 10:00дө Бишкек шаарына алып келишти. Келин борбордогу төрөт үйлөрүнүн бирине жаткырылды дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16615