Транспорт министри Тилек Текебаев ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка дайындалды
RU

Транспорт министри Тилек Текебаев ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тилек Текебаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынан маалымдашты.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тилек Текебаев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал эми Садыр Жапаровдун башка жарлыгы менен Абсаттар Сыргабаев президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16618