Адистер Кытайдан келди. Таласта 3 завод курулуп, жаңы аттракциондор түшөт
RU

Адистер Кытайдан келди. Таласта 3 завод курулуп, жаңы аттракциондор түшөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында өндүрүш багытындагы 3 ири завод курулат. Мэриядан билдиришкендей, шаар аймагына асфальт завод, темир-бетон завод жана кум шагыл чыгаруучу завод салынат.

Маалым болгондой, долбоор боюнча Садыр Жапаров тапшырма берип, Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Тапшырманы аткарууда Талас шаарынын мэри Эрмат Джумаев тажрыйбалуу адистерди издеп Кытайга барып сүйлөшүп, 12-июлда өндүрүшчүлөрдү Таласка алып келди.

"Кытайлык өндүрүшчүлөр менен Талас шаарынын мэри кол алышып, меморандумга кол коюлду. Кытайлык адистер заводдорду жана аттракциондорду кечиктирбей сапаттуу кылып куруп берүүнү убадалашты.

Жыл этегине чейин Талас шаарындагы паркта эң кооз делген 8 аттракцион иштеп калат. Ошондой эле 3 чоң завод ачылып, өндүрүш күчүнө кирет. 100дөн ашык жаңы жумушчу орундар пайда болот", - дешет мекемеден.

Мындан тышкары Талас шаарына 50 чакырым тротуар салынып, вело жолдор курулат. Борбордук аянт жана башка көчөлөр асфальтталат деп кошумчалашты мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16634