Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат
RU

Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы чек ара аймактарындагы эмгекчи-мигранттардын Кыргызстандын аймагында ишмердик кылуусу үчүн ыктыярдуу патент алуу зарылдыгын эскертет. Бул тууралуу редакцияга келген пресс-релизде айтылган.

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөсүз ишмердүүлүк жүргүзүлгөн учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан – 10 миң сом суммасында жана Салык кызматы тарабынан – 3 миң сом суммасында айып пул салынат (КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 571-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 217-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык).

Салык кызматы чек ара аймактарындагы эмгекчи-мигранттарды ишке жалдоодо Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган адамдардан Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашырууга карата ыктыярдуу патентинин болушун талап кылууга чакырат.

Эске салсак, 2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Патентти аймактык салык органынан сатып алуу керек. Патенттин суммасы 30 календарлык күн үчүн 800 сомду түзөт.

Мында, чек ара жанындагы эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз режимди колдонуу мөөнөтү ичинде патенттин негизинде жеке эмгек ишмердигин жүргүзө алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1664