Бокс боюнча курама команданын машыктыруучусунун мүлкүн тартып алганга шектүү кармалды
Кыргызстандын бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу УКМКга арыз менен кайрылган. Анын алкагында уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген жаран кармалды.
Маалым болгондой, жабырлануучу Н.Ж. 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн "Жунхай" базарынын жанынан 8,5 сотых жер тилкени сатып алган.
Ал эми Н.Ж. насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган", - деп айтылат маалыматта.
Комитеттен белгилешкендей, бул фактыга байланыштуу жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылганы менен эч кандай жыйынтык болгон эмес.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди. Учурда аталган фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.