Кутман, Нурсултан... Төкмө акын, дастанчылар "Маданияттын мыкты кызматкери" болушту
RU

Кутман, Нурсултан... Төкмө акын, дастанчылар "Маданияттын мыкты кызматкери" болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз улуттук "Манас" театрынын бир катар өнөрпоздору "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты. Аталган театрдан белгилешкендей, акын, дастанчыларга сыйлык 15-июлда тапшырылды.

"Маданияттын мыкты кызматкери" болгондор - төкмө акындар Турат Жумаев, Кутман Садыбакасов, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев, дастанчылар Бакыт Акматов, Нурсултан Кадыралиев, Калыбек Турганов, Ноорузбек Шабданбек уулу, Адилет Абдыжапар уулу.

Өнөрпоздорго сыйлыктарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Темирлан Ажымалиев театрда өткөн жалпы жыйында тапшырды.

Белгилесек, жалпы жыйында "Манас" театрынын негиздөөчүсү, директору Азиз Биймырза уулу башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Ошондой эле орун басары Шайырбек Абдырахман уулу дагы өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен "Манас" театрынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Нурбек Талантбеков дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16662