Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
RU

Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык кызматынын чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Аталган кызматтан билдиришкендей, иш-чарага көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү, акциянын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары катышты.

Буга чейин көз карандысыз комиссия акциянын июнь айындагы этабынын катышуучуларынын арасынан 5 жеңүүчүнү аныктаган. Ага ылайык:

  • Баш байге iPhone 14 - Айзирек Асанова;
  • Смартфондор - Динаркуль Сатарова, Фаина Кубатбекова, Элимбек Корпобаев жана Акылай Эркимбаева утуп алды.

Белгилесек, ай сайын өтүүчү акцияга катышуу үчүн жарандар өздөрүнүн Facebook же Instagram баракчаларына контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу пост жайгаштыруусу керек.

Акцияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Facebook жана Instagram расмий баракчаларында жеткиликтүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16675