Таласта 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салынды
RU

Таласта 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушуна капсула салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарына ипотекалык үйлөр курулат. Курулушка бүгүн, 17-июлда мезгил кутусу салынганын Талас шаардык мэриясынан маалымдашты.

Иш-чарада президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев ѳлкѳ башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандын кѳптѳгѳн аймактарында мамлекеттик ипотекалык үйлѳр курулуп жатканын билдирди.

Облус жеткчиси Нурлан Дарданов "Тынчтык Ордо" турак жай комплексине автоунаа токтотуучу жайы менен 5 кабаттуу 10 турак үй куруларын билдирип, ал үчүн Талас облустук өнүктүрүү фондунан 250 млн осм, Талас райондук өнүктүрүү фондунан 148 млн сом, ал эми Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 млн сом, жалпы 448 млн сом акча каражаты бөлүнгөнүн белгиледи.

Мезгил кутусу салынган үйлөр жарандарга "Мамлекеттик ипотекалык компания" аркылуу 25 жылга жеңилдетилген шартта 4-8% үстөк менен келишимдин негизинде берилет. Бул үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жарандар мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына кирип, электрондук түрдө катталуусу зарыл.

"Тынтчык Ордо" комплекси жалпы 310 батирден турат. Анын ичинен 1 бөлмөлүү 80 батир, 2 бөлмөлүү 160 батир, 3 бөлмөлүү 70 батир болот. Ошондой эле 100 унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы мерчемделген. Турак жай комплексинин курулуш иштерин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16679