Өчүрүлгөн холодильниктин айынан миңге чукул "Спутник V" вакцинасы жараксыз болуп калды
RU

Өчүрүлгөн холодильниктин айынан миңге чукул "Спутник V" вакцинасы жараксыз болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасы жараксыз болуп, аны эсептен чыгарууга туура келди. Себеби №2 Үй бүлөлүк медицина боюнча бириккен борборунда муздаткыч өчүп калган. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы тастыктады.

Берилген маалыматка ылайык, кандайдыр бир себептерге байланыштуу вакциналарды сактоочу холодильник розеткадан суурулуп калган. Аны эртең менен пол жууп жаткан санитар айым байкаган.

Республикалык эмдөө борбору кызматтык тергөө жүргүзүп, беш адам катуу сөгүш алды: башкы дарыгер, анын орун басары, жана эмдөө кабинетинин үч кызматкери.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1667