Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев расмий жолугушуу өткөрдү. Сүрөт
RU

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев расмий жолугушуу өткөрдү. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-июлд Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуусу өттү. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Садыр Жапаров "Куксарой" мамлекеттик резиденциясына барып, өлкө лидерлери атайын подиумга чыгышты. Андан соң Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароол бөлүгүнүн командири рапорт берип, Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев түзүмдү кыдырып өтүштү, кароолдун жоокерлери менен салам алышып, Өзбекстандын мамлекеттик желегине таазим кылышты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев тар курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Белгилесек, Садыр Жапаров баштаган делегация Ташкент шаарына иш сапары менен барды. Делегациянын курамында биринчи айым Айгүл Жапарова да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16697