Көкөмерен суусуна түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды
RU

Көкөмерен суусуна түшүп кеткен жарандын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көкөмерен дарыясына (Нарын дарыясынын оң куймасы) агып кеткен Махмут Сусузовдун жансыз денеси табылды. Маалыматты редакцияга ӨКМдан ырасташты.

Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 22-июлда куткаруучулар тарабынан 1981-жылы туулган С.М`нын жансыз денеси суудан табылып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлдү дешти министрликтен.

Белгилесек, Махмут Сусузов 21-июлда эртең менен Суусамырга балык уулоого чыгып, дарыяга агып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жайыл райондук башчысы Урмат Узбеков Kaktus.media`га билдиргендей, Махмут досу менен Көкөмерен дарыясынын аркы өйүзүнө өтүүгө аракет кылып жатканда кулап, агым алып кеткен.

Урмат Узбековдун айтымында, окуя болгон жерде ӨКМдин 16 куткаруучусу, 60ка жакын ыктыярчы, ошондой эле суучулдар жана операторлор дрон менен издеп-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16724