Жетим балдардын унаасын уурдап кетишти. Алар аны менен иштеп акча табышчу
RU

Жетим балдардын унаасын уурдап кетишти. Алар аны менен иштеп акча табышчу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары иштеп акча тапкан унааны уурдап кетишкен. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына "Наш голос" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Ормонова кабарлады.

Белгилүү болгондой, окуя бүгүн түндө болгон. 2000-жылкы "Дэу Дамас" машинеси менен балдар тамак-ашына, күнүмдүк тиричилигине жана келечекте сала турган үйүнө акча таап, чогултуп жатышкан болчу. Машиненин номери О 9647 АХ.

Эгер кимдир бирөө машинени көргөн болсо, же анын кайсы жерде турганын билсе (0771) 22 17 71 телефон номери аркылуу байланышып, маалымат берүүну суранабыз, деп Ормонова жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1672