Мэрия "Тунгуч" кичи районунда эмне үчүн суу жок экенин түшүндүрдү
RU

Мэрия "Тунгуч" кичи районунда эмне үчүн суу жок экенин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэриясы Горький менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги конфликтке комментарий берди. Ал жерге бир нече жаңы конуштардын тургундары чогулуп, суунун өчүрүлүшүнө нааразычылыгын билдиришкен.

Мэрия берген маалыматка ылайык, суу өчүрүлгөн эмес. "Бишкекводоканал" өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгы болгону Көк-Жар, Лебединовка, Новопавловка айыл өкмөттөрүнө ичүүчү суунун көлөмүн чектеген. Себеби бул айыл өкмөттөрдүн дебитордук карызы бар. Май айына карата карыздын суммасы 17 млн 896 миң сомду түзөт. Бишкектеги нормативдерге ылайык, ичүүчү суунун көлөмү бир адамга бир күнгө 165 литрге төмөндөтүлгөн.

Эске салсак, кечээ кечинде Аламүдүн районундагы бир нече жаңы конуштардын тургундары "Тунгуч" кичи районуна алып баруучу Горький менен Ауэзов көчөлөрүнун кесилишин тосуп алышкан. Алар муниципалитеттин иш аракетине нааразычылыгын билдирип, Аламүдүн районунун акимин келүүсүн талап кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1674