Ошто тууганынын мурдагы аялынын жигитинен опузалап акча кылган жаран кармалды
RU

Ошто тууганынын мурдагы аялынын жигитинен опузалап акча кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында опузалап акча талап кылганга шектүү 40 миң сом алып жатканда кармалды. ИИМден билдиришкендей, ал жалпысынан 150 миң сом талап кылган.

Такталгандай, Ош ШИИБине И.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаран опузалап акча талап кылып жатканын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө К.А. аттуу жаран тууганынын мурдагы аялынын мурунку жигити И.М`га 24-июндан тартып ушул күнгө чейин телефон чалып, 150 миң сом акча каражатын талап кылып, балдарга сабатып, өлтүрүп кетерин айтып коркутканы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында 17-июлда 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен 1991-жылы туулган К.А. кармалып, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16751