Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев УКМКга суракка чакырылды
RU

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев УКМКга суракка чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына маалымат булактары билдирди.

Белгилүү болгондой, буга белгилүү бир кытай компаниясынын "Коопсуз шаар" долбоору боюнча билдирүүсү себеп болгон. УКМК тереңирээк иликтөө жүргөндөн кийин маалымат берүүнү убада кылды. Азырынча камоо тууралуу сөз боло элек.

Бир күн мурун Дыйканбаев УКМКга жагдайларды тактоо үчүн чакыртылган эле.

Маалымдама

Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович 1985-жылы 25-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 2007-жылы И.Раззаков атындагы КТУнун "Тармактар, байланыш жана коммуникациялык системалар" адистигин алып чыккан.

Эмгек жолу

  • 2006-2008 - Улуттук байланыш агенттиги, адис;
  • 2008-2014 - Мамлекеттик байланыш агенттиги, жетектөөчү адис, башкы адис;
  • 2014 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, эксперт;
  • 2014-2017 - Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси, директор;
  • 2017-2020 - Мамлекеттик курулуш жана долбоорлоо комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси, директор;
  • 2020-2021 - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, директор;
  • 2021 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматы, төраганын орун басары;
  • 2021 - жылдын 5-майынан баштап - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүгүү министри кызматына дайындалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1675