Сабактар саат 7:30да баштала турган мектептердин тизмеси
RU

Сабактар саат 7:30да баштала турган мектептердин тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кабыл алынган токтомдун алкагында Бишкектеги мектептерде окутуу эртең мененки саат 8ден эрте башталышы мүмкүн экендиги белгиленген. Бишкек мэриясы сабактар саат 7:30да баштала турган мектептердин тизмесин жарыялады.

Мекемеден буга чейин 14 муниципалдык мектепте окутуу саат 7:30да башталарын белгилеген. Алар: № 69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.

Ал эми 2024-2025-жаңы окуу жылында төмөнкү 30 мектепте окутууну саат 7:30да баштоо пландаштырылууда. Алар: 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, №1 мектеп-гимназия лицейи.

Муну менен быйылкы окуу жылында Бишкектеги 44 мектепте окутуу саат 7:30да башаталат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16780