Изилдөө: Кыргызстанда балдарды эмдөө кескин төмөндөгөн
Өлкөдө 5 жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн саны кыскарды. Бул туурасында 2023-жылга карата Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн (КККИ) жыйынтыктары сунушталган тегерек столдо маалымдалды.
Изилдөө 5 жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн төмөндөгөнүн көрсөткөн. Тагыраагы, 1000 балага 16 өлүм туура келет. Ал эми 15-19 жаштагы кыздар арасындагы төрөө коэффициенти 1000 аялга 32ни түзөт (бул курактык топто), бул 2014-жылдагы болжолдуу көрсөткүчтүн жарымы.
Ошондой эле балдарды эмдөө деңгээли да изилденип, тилекке каршы, иммунизация салыштырмалуу төмөн бойдон экенин көрсөткөн. Алсак, 2-3 жаштагы 5 наристенин төртөө гана балдар ооруларына каршы алдын ала эмдөөдөн өткөн. Ал эми зарыл болгон бардык эмдөөлөрдү алган 1-2 жаштагы бөбөктөрдүн үлүшү кескин төмөндөп, 40,7 пайызды түзгөн (2018-жылы 76,7 пайызды түзгөн).
Кыргызстан буга чейин класстердик изилдөөлөрдү 1995, 2006, 2014 жана 2018-жылдары жүргүзгөн.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: zdorovieinfo.ru.