Кыргызстандык спортчулар пара жеңил атлетика боюнча мелдеште 3 медалга ээ болушту
RU

Кыргызстандык спортчулар пара жеңил атлетика боюнча мелдеште 3 медалга ээ болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Адилет Камчыбеков Ноттвилде (Швейцария) 14-16-май күндөрү өткөн дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 3 медалга (2 алтын, 1 коло) ээ болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Белгилүу болгондой, Адилет Камчыбеков ядрону түртүү боюнча жеңүүчү аталды (жыйынтык – 10,27 м, 389 очко).

Арстанбек Базаркулов найзаны ыргытуу боюнча алтын медаль тагынып (15,96 м, 166 очко), ядрону түртүү боюнча коло байгенин ээси болду (7,98 м, 431 очко).

Белгилей кетсек, параспортчулар жана башкы машыктыруучу Алмазбек Абиров Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Ноттвилге жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1683