Олимпиада: Жоламандын негизги атаандашы Чобану биринчи беттеште утулуп калды
RU

Олимпиада: Жоламандын негизги атаандашы Чобану биринчи беттеште утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Париж Олимпиадасы кызып барууда. Бүгүн, грек-рим күрөшү боюнча беттештер башталып, 60 кг салмакта кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы казакстандык балбанды жеңди.

Бул арада 60 кг салмакта Жоламандын башкы атаандаштарынын бири болгон молдовалык Виктор Чобануну түндүк кореялык балбан туше ыкмасы менен утуп алды.

Ошондой эле, кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова да алгачкы беттешин ийгиликтүү аяктап, ишенимдүү жеңишке жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16873