Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков жарым финалга чыкпай калышты
RU

Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков жарым финалга чыкпай калышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында килем үстүнө 77 кг салмакта Акжол Махмудов менен 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков чыгышты. Алар алгачкы беттештерин ийгиликтүү аяктаганы менен экинчи беттеште утулуп, жарым финалга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калышты.

Эгер, кыргыз балбандарын уткан спортчулар финалга чыкса, биздин спортчулар коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ал балбандар - 77 кг салмакта казакстандык Демеу Жадраев жана 97 кг салмакта ирандык Мохаммад Хади Сарави.

Белгилесек, бүгүн, 6-августта 68 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова финалда америкалык балбан менен беттешет. Ал эми Жоламан Шаршенбеков коло үчун күч сынашат.

Учурда Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган болчу. Анда суучул Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча 16 мыктынын катарын толуктап, бирок андан ары финалга өтө алган жок. Дагы бир суучул Елизавета Печерских жарым финалга өтпөй калды. Ошондой эле кыргызстандык 2 дзюдочунун беттештери да ийгиликсиз жыйынтыкталды. Андан соң, өлкөбүздүн бокс тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдом утуп, тарых жараткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулу сенсациялуу жарым финалга чыгып, Кыргызстандын капчыгына медаль кепилдеди.

Анын финалга болгон беттеши 8-августта болот. Алдыда кыз-келиндер күрөшү боюнча легенда Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев, Бекназ Алмаз уулу жана Айаал Лазерев, грек-рим күрөшү боюнча Амантур Исмаилов беттештерин өткөрүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16887